"Эл үмүтү" стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү
Күн мурун Президенттин Администрациясында "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги алдында өттү.
"Эл үмүтү" – Кыргызстандын таланттуу жана максаттуу жаштарын колдоого багытталган президенттик эл аралык стипендия.
Анын алкагында жаштар QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдери боюнча дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринде магистратура жана докторантура (PhD) программаларында билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.


