Мэрия: Бишкектеги №151 контурда азырынча турак жай курууга болбойт

Мэрия: Бишкектеги №151 контурда азырынча турак жай курууга болбойт

Бишкек шаарындагы №151 контурда жайгашкан жер тилкелеринин учурдагы максаттуу багыты турак жай курууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев аталган аймактагы жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча жарандар менен жолугушууда билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, №151 контурдагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлерге кирет. Ошондой эле Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планында бул аймак үчүн функционалдык зоналаштыруу аныкталган эмес.

Жолугушууда жарандар өздөрүнө таандык жер тилкелерине турак жай курууга уруксат берүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Айбек Жунушалиев жарандардын жер тилкелерин алып коюу же алардын жерге болгон мамлекеттик актыларын жараксыз деп таануу маселеси каралбай турганын белгиледи.

Ошол эле учурда мэр аталган аймактын функционалдык зоналаштырылышын аныктап, андан кийин жер тилкелерин мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу зарылдыгын билдирди. Бул маселени кароодо көп батирлүү турак жайларды куруу мүмкүнчүлүгүн да эске алуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына №151 контурда функционалдык зоналаштырууну белгилөө боюнча сунуштарды карап чыгуу жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоору боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды.

Мэр тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин аймакта өз алдынча жана уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырды. Мыйзамсыз курулуштар аныкталса, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media