Таш-Көмүрдө эски көпүрөнү заманбап эс алуу жайына айландыруу пландалууда

Таш-Көмүрдө эски көпүрөнү заманбап эс алуу жайына айландыруу пландалууда

Таш-Көмүр шаарындагы пайдаланылбай калган "Капитальная" көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан даярдалган.

"Капитальная" көпүрөсү мурда шаардагы Шахта башкармалыгы тарабынан көмүр өндүрүшүндө пайдаланылган. Көмүр көпүрө аркылуу атайын жол менен темир жолго жеткирилип, андан ары поезддер менен ташылып турган. Советтер Союзу тарагандан кийин көмүр өндүрүү токтоп, көпүрө пайдаланылбай калган.

Эскиздик долбоорго ылайык, жалпы аянты 19 650 чарчы метр же 1,96 гектар болгон аймакты заманбап эс алуу жайына айландыруу сунушталууда.

Бул жерде ресторан, шаарды жана айлана-чөйрөнү бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген панорамалык A-frame үйлөрү, ошондой эле эс алуу аллеясын куруу каралган.

Долбоор пайдаланылбай турган аймакты иретке келтирүүгө жана Таш-Көмүр шаарынын туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган.

Учурда эскиздик долбоор кароо жана сунуштарды эске алуу үчүн тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media