Токтогулда көп жылдык эмендерди зыянкечтен коргоо иштери жүргүзүлдү
Токтогул шаарындагы А. Козубеков атындагы эс алуу паркында көп жылдык эмен дарактарын зыянкечтерден коргоо максатында химиялык иштетүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, парктагы эмен дарактарында "дубовый минирующий пилильщик» зыянкечинин таралышы аныкталган.
Анын дарактарга тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу жана мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн тиешелүү химиялык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иштерге департаменттин Жалал-Абад башкармалыгынын, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жана шаардык муниципалдык ишкананын адистери катышты.
Департамент өсүмдүктөрдүн фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүү жана зыяндуу организмдерге каршы өз убагында чара көрүү иштери улантыларын билдирди.