Аксыда райондук соттун жаңы имараты курулат

Аксыда райондук соттун жаңы имараты курулат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук соттун жаңы административдик имараты курулат. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, район акими Азамат Ниязалиев, Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин айтымында, Аксы райондук сотунун жаңы имараты судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлери үчүн тийиштүү эмгек шарттарын түзүп, жарандарды кабыл алуу жана сот процесстерин өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат.

Жаңы административдик имарат соттун толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон заманбап шарттар менен камсыздалары белгиленди.

Аксы районунун акими Азамат Ниязалиев жаңы имараттын курулушу жарандар үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Иш-чаранын соңунда Медербек Сатыев, Азамат Ниязалиев жана башка катышуучулар жаңы имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.

Учурда Аксы райондук сотунда 3 судья, сот аппаратынын 10 кызматкери, 6 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик