Баткенде сууга агып кеткен адамды 90 киши издеп жатат

Баткенде сууга агып кеткен адамды 90 киши издеп жатат

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерине Баткен району боюнча ӨКБнын өздүк курамы, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 9 куткаруучусу, ИИМдин 38 кызматкери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Жалпысынан 90 адам жана 3 дрон издөө иштерин жүргүзүүдө.

Окуя 10-августта болжол менен саат 18:00 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Чоң-Кара айылына караштуу Кожешкен жерлигинде болгон. Анда 48 жаштагы эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштери 11-августтан бери ӨКМ, ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жүргүзүлүүдө. 12-августта издөөгө кошумча күчтөр жана үч дрон тартылган.

Учурда издөө иштери уланып, кырдаал облус башчысы М. Рахимовдун жеке көзөмөлүндө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөн шаарынын коммуналдык чарбасы  атайын техникалар менен толукталды

Өзгөн шаарынын коммуналдык чарбасы атайын техникалар менен толукталды

Өзгөн шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаага "Беларусь-952" трактору, "Hyundai R60W" дөңгөлөктүү экскаватору жана "Chevrolet Tracker" үлгүсүндөгү атайын техника алынып, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов шаардык мэрияга тапшырды. Жаңы техникалар шаар

Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды

Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды

Талас шаарындагы "Нургазы" соода базарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 73 контейнер иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сарыгулов жана Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Чүйдө жасалма документтерди колдонуп, чет өлкөдөн келген унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. аттуу жаран Сокулук-Москва райондук каттоо бөлүмүнө "Belgee X50" үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик каттоодон

Аксыда райондук соттун жаңы имараты курулат

Аксыда райондук соттун жаңы имараты курулат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук соттун жаңы административдик имараты курулат. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, район акими