Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген жарнамалар алынды

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген жарнамалар алынды

Бишкектин Ленин районунда өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо жана башаламан жайгашкан электр, интернет кабелдерин иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер 11-августта Чүй проспектисинин Павлов, К. Кулиев жана Б. Бейшеналиева көчөлөрү менен кесилишкен тилкелеринде жүргүзүлгөн. Ошондой эле Манас көчөсүнөн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө чейинки аралык камтылган.

Аталган аймактарда ишкердик субъекттери тарабынан өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкциялар алынып, башаламан жайгашкан кабелдер жана зымдар жыйналып, иретке келтирилди.

Мындан тышкары, ишкерлер өздөрүнө тиешелүү аймактардын айланасын тазалап, санитардык абалын жакшыртуу иштерин жүргүзүштү.

Мэриядан белгилешкендей, бул иштер шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, санитардык тазалыкты сактоого жана тышкы жарнамаларды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарын аткарууга багытталган.

Мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды демонтаждоо, кабелдерди иретке келтирүү жана шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media