Өзгөндүн Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган.
Учурда объектте бетон орнотуу иштери аяктап, имараттын дубалдарын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча заманбап талаптарга жооп берген мектеп үч блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, ашкана, китепкана жана бардык керектүү шарттары бар спорт залы каралган.
Курулуш иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерүүдө.
Жаңы мектептин курулушу Кандава айылындагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.





