Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды
Талас шаарындагы "Нургазы" соода базарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 73 контейнер иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Сарыгулов жана Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Нургазы" соода базарынын жана анын аймагындагы 73 контейнердин тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча жооптуу "Абакир" ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.


