Бишкекте бир күндө 168 мыйзамсыз жарнама демонтаждалды

Бишкекте бир күндө 168 мыйзамсыз жарнама демонтаждалды

12-августта Бишкектин Свердлов районунда дизайн-коддун талаптарына жооп бербеген жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө өз алдынча орнотулган 168 жарнамалык конструкция алынды.

Ишкерлер жана мүлк ээлери жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун мыйзамдуулугун алдын ала текшерип, объектилердин сырткы көрүнүшүн бекитилген талаптарга ылайык келтирүүгө чакырылды.

Мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Бишкектин бардык райондорунда улантылат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө Аквакультура жана балык өстүрүү борбору ачылат

Ысык-Көлдө Аквакультура жана балык өстүрүү борбору ачылат

13-августта Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жонхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тон районунда курулуп бүткөн Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборун расмий ачууга

Кызыл-Кыштакта тургундардын бир катар маселелери каралды

Кызыл-Кыштакта тургундардын бир катар маселелери каралды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштак айылындагы Алишер Навои көчөсүнүн тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган айылдык аймактык башкармалыгына шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте барган. Жолугушууда тургундарды түйшөлткөн бир катар маселелер талкууланды. Анын ичинде кенемте боюнча кеңири түшүндүрмө

Жыл башынан бери баңгизаттарга каршы 1 300дөн ашуун рейд жүргүзүлдү

Жыл башынан бери баңгизаттарга каршы 1 300дөн ашуун рейд жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын жети айында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2 100дөн ашуун профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын ичинде окуучулар, студенттер жана ата-энелер үчүн 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусу уюштурулду. Алар баңгизаттарга терс мамилени калыптандырууга жана укуктук

Өлкө боюнча 985 миң тоннадан ашык дан эгиндери жыйналды

Өлкө боюнча 985 миң тоннадан ашык дан эгиндери жыйналды

Өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1%ы — 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым былтыркыга