Бишкектеги №89 мектептин авариялык корпусунун ордуна жаңысы курулуп жатат
Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Учкун конушундагы №89 мектептин кошумча корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы корпус мектептин авариялык абалга келген имаратынын ордуна курулууда. Учурда объектте ички жана тышкы жасалгалоо, ошондой эле айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Жаңы имаратта заманбап окуу кабинеттери, китепкана, актовый жана спорттук залдар, ашкана, медициналык блок жана устаканалар болот.
Мэр жооптуу кызматтарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.


