Чүйдө сел жана суу ташкындарынын алдын алуу иштери күчөтүлөт

Чүйдө сел жана суу ташкындарынын алдын алуу иштери күчөтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев менен биргеликте облустагы бир катар объектилерди текшерди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында Сокулук районунун Исмаил айылындагы сел өтүүчү каналдын абалы менен таанышып, анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды.

Москва районунда министр ӨКМдин райондук бөлүм башчыларынын жыйынына катышып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жайыл районунда Степное айылындагы Будковский суу топтоочу курулма жана Феодоровка айылындагы дренаждык тутумдар текшерилди. Суунун нугунан чыгып кетүү коркунучун азайтуу жана аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле Панфилов районундагы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жана Кайыңды шаары менен Панфиловка айылындагы дренаждык тутумдардын абалы каралды.

Иш сапардын жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, аныкталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media