"Кыргыз-Ата" паркындагы жаңы комплекстин курулушуна мезгил кутусу салынды

"Кыргыз-Ата" паркындагы жаңы комплекстин курулушуна мезгил кутусу салынды

"Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн комплекстин курула турган жерине капсула салуу аземи өттү.

Иш-чарада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жаратылыш парктарында жаратылыш аймактарын сактоо менен катар эс алуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Жаңы кире бериш аймакка кирүүнү иретке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана парктын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, "Кыргыз-Ата" паркында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен заманбап тазалоочу курулмаларды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтууга, саркынды сууларды талаптагыдай тазалоого жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

"Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркы 1992-жылы Ош облусунун Ноокат районунда түзүлгөн. Анын аймагы арча токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү, ошондой эле кооз жаратылыш ландшафттары менен баалуу.

Министрликтен белгилешкендей, парктын инфраструктурасын өнүктүрүү жаратылыш мурасын сактоого жана "Кыргыз-Атага" келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media