Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат
Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат.
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди.
Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет.
Мындан тышкары, пиротехникаларды колдонууда ызы-чуунун жана үн басымынын белгиленген деңгээлден ашуусуна иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин тыюу салынат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.