Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп.

Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды.

Имараттын ички жасалгалоо иштери дээрлик аяктап, учурда сырткы фасады жасалууда. Мектептин аймагында эки футбол, эки волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Долбоорго ылайык, жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берип, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

Курулуш иштеринин сапаты министрликке караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Мектепти жаңы окуу жылынын башталышына карата толук бүткөрүү пландалууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,

Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри менен жолугушту

Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 14-августта Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы