Прокурорлор экологиялык талаштарды кароо жана чечүү боюнча окуудан өттү

Прокурорлор экологиялык талаштарды кароо жана чечүү боюнча окуудан өттү

12-августта жана 14-августта Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлери үчүн "Экологиялык талаштарды кароо жана чечүү" темасында тренингдер өткөрүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, окутууларга экологиялык прокуратуралардын, облустардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын кызматкерлери катышты.

Иш-чаралар БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен Судьялар ассоциациясы менен биргеликте, экологиялык укук, прокурордук көзөмөл жана соттук практика жаатындагы эксперттердин катышуусунда уюштурулду.

Тренингдерде экологиялык мыйзамдарды колдонуу, экологиялык укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу, прокурордук көзөмөл жүргүзүү жана экологиялык талаштарды кароо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, катышуучулар келтирилген зыянды эсептөө тартибин, жер казынасын пайдалануу маселелерин, Кыргызстандын климаттык күн тартибин жана экологиялык талаштарды сот аркылуу чечүү жол-жоболорун карап чыгышты.

Практикалык мисалдарга жана мыйзамдарды колдонууда жаралган көйгөйлөргө, ошондой эле прокуратура органдарынын мамлекеттик органдар жана соттор менен өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Окутуулар прокуратура кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатууга жана жарандардын экологиялык укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media