Таластагы "Баластан" борборунун курулушу 85%га аяктады
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарында курулуп жаткан "Баластан" балдар оюн-зоок борборундагы иштердин жүрүшү менен таанышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда объекттеги курулуш иштери 85%га аткарылып, 400гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат. Анда заманбап аттракциондор, балдар аянтчалары, өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн атайын зоналар, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жана үй-бүлөлүк эс алуу жайлары каралган.
Министр курулуш иштерин белгиленген графикке ылайык сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Борбор пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.





