Ысык-Көлдө Аквакультура жана балык өстүрүү борбору ачылат
13-августта Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жонхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тон районунда курулуп бүткөн Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборун расмий ачууга жана кабыл алууга даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Тараптар ошондой эле борбордун мындан аркы ишмердүүлүгү, кызматташтыкты өнүктүрүү жана аквакультура тармагындагы биргелешкен иштердин багыттары боюнча пикир алышты.


