Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтому менен кабыл алынган.

Ал эми жеке менчик уюмдары үчүн 1-сентябрды эс алуу күнү катары белгилөө сунуштама мүнөзүндө болот.

Ошондой эле Эмгек кодексине ылайык, 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү иш эмес майрам күнү болуп саналат.

Майрам күнү иштеген кызматкерге тараптардын макулдашуусу боюнча башка эс алуу күнү берилиши, иштеген күнү эмгек өргүүсүнө кошулушу же эмгек акысы кеминде эки эселенген өлчөмдө төлөнүшү мүмкүн.

Министрлик иш эмес майрам күндөрү кызматкерлерди жумушка тартуу Эмгек кодексинде каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөрүн эскертти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Мектептердин окуу жылына даярдыгы боюнча кеңешме өттү

Мектептердин окуу жылына даярдыгы боюнча кеңешме өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады. Күн тартибинин дагы бир маанилүү маселеси республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын келе жаткан окуу жылына даярдыгы болду. Адылбек Касымалиев өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин учурдагы

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча алдын ала макулдашууга кол коюлду. Министрликтин маалыматына ылайык, документке "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек

Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сом болот

Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сом болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткен шаарында муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган. Алардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана