Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын өлчөмү долбоордук талаптарга шайкеш келбегени белгилүү болду.

Аталган кемчилик курулуш конструкциясынын бекемдигине жана ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, имараттын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган факт боюнча "Инком системс" ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, компанияга аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмө берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын