Кеминде имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү тартипке келтирилет
Кемин шаарында дүкөндөрдүн, банктардын жана башка коомдук объектилердин сырткы көрүнүшүн бирдиктүү дизайн-кодго ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Учурда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кемин райондук башкармалыгынын архитекторлору объектилердин эскиздик долбоорлорун иштеп чыгууда.
Долбоорлордо имараттардын фасаддарынын түсүн жана архитектуралык чечимдерин бирдиктүү талаптарга келтирүү, ошондой эле көрнөк-жарнактарды жана башка тышкы элементтерди иретке келтирүү каралган.
Дизайн-кодду киргизүүнүн негизги максаты — Кеминдин архитектуралык биримдигин камсыз кылып, көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана заманбап шаардык чөйрө түзүү.


