Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар туруктуу айлык менен камсыздалат

Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар туруктуу айлык менен камсыздалат

Кыргызстанда ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында "Мал аман" мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жаңы ишканага алгачкы этапта 1,5 миңге жакын жеке ветеринарды ишке алуу каралган. Алар малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иш-чараларды жүргүзүшөт.

Мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган ветеринарларга 30-40 миң сомдун тегерегинде айлык акы төлөө пландалууда.

Мындан тышкары, ишинин жыйынтыгына жараша кошумча бонустар каралат. Ветеринарлар малды дарылоо, операция жасоо жана башка кызматтарды көрсөтүү аркылуу кошумча киреше таба алышат. Жалпы кирешеси 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Учурда "Мал аман" мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу баскычында турат.

Ишкананы жаңы жылдан тарта толук кандуу ишке киргизүү пландалууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.

Таласта Кызыл-Адыр – Чоң-Капка жолунун 11 чакырымы асфальтталды

Таласта Кызыл-Адыр – Чоң-Капка жолунун 11 чакырымы асфальтталды

Талас облусундагы Кировка – Гребень – Плотина унаа жолунун Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки 11 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жолдун асфальтталышы аймактагы транспорттук байланышты жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт. 2026-жылга карата титулдук