Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди
Манас шаарында шаардан сырткаркы каттамдарды тейлей турган жаңы автобекет ишке берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүндөн тарта Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдыраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекеттен шаар аралык бардык маршруттук каттамдар жана такси кызматтары жөнөйт.
Автобекетте жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, коомдук транспорт жана такси унаалары үчүн атайын токтоочу жайлар каралган.
Учурда шаардан сырткаркы каттамдарды жаңы автобекетке өткөрүү иштери жүрүп жатат.