Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Талас облусунун Талас районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны көбөйүүдө. Учурда райондо малина жана ежемалина 12 гектардан ашык аянтка эгилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Талас районунда жалпы 35 миң 326 гектар айдоо жери бар. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар аймактын климаттык шартына ылайыкташкан малинанын ар түрдүү сортторун өстүрүүгө басым жасап келишет.

Райондун климаттык шарттары малина өстүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, түшүмдүүлүк да жогору. Маселен, Көк-Кашат айылынын тургуну Чыңгыз Азбеков 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина алат.

Фермер өстүргөн продукциясын Казакстан жана Россияга экспорттойт. Анын айтымында, малина өстүрүүдө органикалык жер семирткичтерге артыкчылык берилип, химиялык препараттар мүмкүн болушунча аз колдонулат.

Малинанын түшүмдүүлүгү жана ага болгон рыноктук суроо-талаптын жогору болушу жергиликтүү дыйкандардын бул багытка кызыгуусун арттырууда. Натыйжада райондо малина өстүрүлгөн аянт жылдан-жылга кеңейүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткен шаарында муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган. Алардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтому менен кабыл алынган. Ал эми жеке менчик

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Аксы районунун Кербен шаарындагы Жерге-Тал айылында курулуп жаткан спорт залдан мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүдө курулуш-монтаждоо иштери объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды. Мыйзам бузуу фактысы боюнча "Кайрат Строй Кей Джи" ЖЧКсына акт

Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

УКМКнын кызматкерлери 16-августта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Ак-Тилек автожол” өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Мамлекеттик Чек ара кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын аймагына