"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында инфраструктура, автомобиль жана технологиялык жолдорду, ошондой эле инженердик тармактарды куруу боюнча көчмө кеңешме өттү.

Анда курулуш аянттарындагы иштердин жүрүшү каралып, жакынкы мезгилге карата милдеттер аныкталды. Өзгөчө көңүл "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы куруп жаткан жети инфраструктуралык объектке жана В-1 станциясынын жанындагы лыжа жабдууларын ижарага берүү борборунун административдик имаратына бурулду.

Кароонун жыйынтыгында подряддык уюмга курулуш иштеринин темпин жогорулатуу, жумушчулардын санын көбөйтүү жана кошумча техника тартуу тапшырылды. Зарыл болгон учурда коопсуздук талаптарын сактоо менен эки сменада, анын ичинде түнкүсүн иштөө каралат.

Мындан тышкары, автомобиль жана технологиялык жолдорду куруу, метеорологиялык станцияларды орнотуу жана курулуш аянттарын керектүү техника, материалдар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Энергетика багытында 35 кВ кабелдик линияларды көчүрүү жана реконструкциялоо, төрт канат жолун жана курулуш шаарчасын электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси каралды.

Жыйынтыгында жооптуу уюмдарга конкреттүү тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленди. "Ала-Тоо Резорт" ААК курортту өз убагында пайдаланууга берүүгө даярдоо үчүн курулуш иштерин координациялоону улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик