Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору түз сатып алынды. Жабдуулардын жалпы баасы 30 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Бүгүн Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде алгачкы 11 бейтапка сүйлөө процессорлору тапшырылды. Адистер аппараттарды ар бир алуучунун өзгөчөлүгүнө жараша орнотуп, жекече жөндөөлөрдү жүргүзүштү.

Калган алуучуларга аппараттар 19 жана 20-август күндөрү тапшырылат.

Сүйлөө процессору — кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, сигналдарды импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет. Бул угуусу начар адамдардын үн маалыматтарын кабыл алуусуна, баарлашуусуна жана билим алуусуна жардам берет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын айтымында, бир сүйлөө процессорунун баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт. Мындай аппараттарды өз алдынча сатып алуу үй-бүлөлөр үчүн чоң финансылык чыгым жаратат.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстанда угуусу начар балдарды жана чоңдорду мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап сүйлөө процессорлору менен камсыз кылуу биринчи жолу ишке ашырылып жатат.

Жарандарды техникалык реабилитациялоо жана заманбап реабилитациялык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media