Ош облусунда 25 мыйзамсыз объект аныкталды

Ош облусунда 25 мыйзамсыз объект аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы унаа жолдорунун жээктеринде мыйзамсыз жайгашкан соода жана тейлөө объектилерин аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек – Ош жана Өзгөн – Кара-Кулжа унаа жолдорунун жээктеринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан 25 объект аныкталды.

Алардын 11и жеңил типтеги дүкөн, бешөө чарбалык товарлар дүкөнү, алтоо тез тамактануучу жай жана үчөө чач тарач экени белгилүү болду.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти юридикалык жана жеке жактарды курулуш жана тейлөө объектилерин жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптарын так сактоого чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media