Ленин чокусунда экологиялык талаптарды бузган конок үйлөр аныкталды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында пландуу текшерүү жүргүздү.
Ведомствонун маалыматына ыалйык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ленин чокусу аймагында туристтерди кабыл алган айрым конок үйлөрүндө таштанды өрттөө жана саркынды сууларды талапка жооп бербеген тартипте төгүү фактылары аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, жалпы 51 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жооптуу тараптарга экологиялык талаптарды сактоо, таштандыларды белгиленген тартипте башкаруу жана саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген жол менен чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


