Жаңы окуу жылында Таластагы “Акылман” лицейинде 96 окуучу билим алат
Талас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейи жаңы окуу жылында 7-8-класска кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева лицейдин ачылышына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышты.
Ошондой эле мугалимдерди сынактык негизде кабыл алуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, билим берүүнүн сапатына көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Тактап кетсек, “Акылман” президенттик лицейи 920 окуучуга ылайыкталып, 168 орундуу жатакана каралган.




