Ала-Арча суу сактагычында ижарачыга таштанды үчүн 17 миң сом айып салынды

Ала-Арча суу сактагычында ижарачыга таштанды үчүн 17 миң сом айып салынды

Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы социалдык тармактарда жарыяланган видео жана маалыматтардын негизинде Ала-Арча суу сактагычынын аймагында ыкчам текшерүү жүргүздү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө суу сактагычтын аймагы өз убагында таштандыдан тазаланбай, санитардык жана экологиялык талаптар одоно бузулганы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, ижарачыга 17 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындан тышкары, тескөөчүлөр ижарачыга экологиялык талаптарды так сактоо, аймакты үзгүлтүксүз тазалап, санитардык абалды талаптагыдай камсыз кылуу боюнча тиешелүү эскертүүлөрдү беришти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоого кайдыгер карабай, көйгөйлөр тууралуу маалымат берип жаткан коомчулукка ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги эки ири долбоорго 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган

Бишкектеги эки ири долбоорго 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган

Бишкекте ири көп функционалдуу комплекстерди курууга багытталган эки инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. "Ак-Кула" ат майданынын мурдагы аймагындагы комплекс менен "Бишкек-Сити" долбоорлоруна жалпы 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган. Мэриянын маалыматына ылайык, "Ак-Кула" ат майданынын мурдагы аймагында көп функционалдуу комплекс куруу долбоорунун

Баткендеги ооруканада өрт коопсуздугу боюнча кемчиликтер кайра аныкталды

Баткендеги ооруканада өрт коопсуздугу боюнча кемчиликтер кайра аныкталды

Баткен облустук биргелешкен ооруканасында өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, буга чейин аныкталган айрым кемчиликтер толук жоюлбаганы белгилүү болду. Бул тууралуу ӨКМдин аймактагы башкармалыгынан билдиришти. Текшерүүдө өрт сигнализациясынын талаптагыдай иштебегени, чатырдын жыгачтарына өрткө каршы каражат колдонулбаганы, суу көлмөсүндө жана электр тармактарында өрт коопсуздугунун талаптары сакталбаганы аныкталды. Натыйжада белгиленген мөөнөттө кемчиликтер жоюлбаганы

Бишкектин тазалоочу курулмалары 56 млн долларга жаңыланууда

Бишкектин тазалоочу курулмалары 56 млн долларга жаңыланууда

Бишкек шаарында транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны жаңылоого багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)" жана "Бишкек шаарындагы транспорттук жол түйүндөрү" долбоорлорунун алкагында Курманжан Датка көчөсүн реконструкциялоо жана үч транспорттук жол түйүнүн

Июнда 12 миңден ашык үлгү лабораториялык текшерүүдөн өттү

Июнда 12 миңден ашык үлгү лабораториялык текшерүүдөн өттү

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 12 078 үлгү келип түшкөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын ичинен: * импорттук карантинге алынган продукциялардан — 7 005 үлгү; * экспорттук карантинге алынган продукциялардан