Араван жана Ноокатта мектептин имараттары бала бакча катары пайдаланылууда

Араван жана Ноокатта мектептин имараттары бала бакча катары пайдаланылууда

Араван жана Ноокатта бала бакча, мектеп жана маданият үйүнө байланыштуу маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат Жаныбек Аматов калк менен жолугушуу үчүн аймакка барган.

Тургундардын айтымында, Араван районунун Авиз айылында бала бакчада орун жетишсиз болуп, мектептин үч классы бала бакча катары пайдаланылып жатат. Ал эми Ноокат районунун Жайылма айылында мектеп имаратынын бир бөлүгү бала бакчага берилген.

Ошондой эле Тоо-Моюн айылында тургундар Авиз айылындагы "Солнышко" бала бакчасы союз тарагандан бери иштебей турганын билдиришти. Орун жетишсиз болгондуктан, айрым балдар башка айылдардагы бала бакчаларга барууга аргасыз.

Мындан тышкары, Авиз айылындагы маданият үйүнүн тиешелүү документтери жоктугунан калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканы айтылды.

Эл өкүлү көйгөйлөрдү тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жеткирүү жана чечүүгө көмөктөшүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн