Кара-Кулжада кум-шагылды мыйзамсыз казгандарга 26 миң сом айып салынды
Кара-Кулжа районунда кум-шагыл аралашмасын тиешелүү уруксатсыз казып алган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен кум-шагылды мыйзамсыз казып алган эки жарандын ар бирине 13 миң сомдон, жалпы 26 миң сом айып салынды.
Ошондой эле аймактык тескөөчүлөр жарандарга жер казынасына аяр мамиле кылуу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Министрлик жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбей турганын эскертип, мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

