Таласта 93 миң гектардан ашык токойдун чек аралары такталууда

Таласта 93 миң гектардан ашык токойдун чек аралары такталууда

Бакай-Ата жана Талас токой чарбаларында жалпы 93 037,4 гектар жер аянтынын абалын баалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Токой кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, топографиялык жана геодезиялык иштер аткарылып, токой тилкелерине баа берилип, биотүрдүүлүгү талданып жатат. Ошондой эле чек аралык мамылар орнотулууда.

2026-жылдын 1-июнунан бери токойду пландаштыруу жана инвентаризациялоо тобу тарабынан 36 502,56 гектар аймактагы токой бөлүкчөлөрү бааланды.

Мындан тышкары, экме токойлор изилденип, 156 сынамык аянтча салынды. Алдыдагы 10 жылга токой чарбасын жүргүзүү боюнча пландар да белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жыйын Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Н. Койчумановдун жетекчилиги алдында өттү. Долбоордун алкагында Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун, ал эми Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүү

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

“Түндүк” темир жол бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автотранспорт каражатын мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерип кароо учурунда Корея Республикасынан Кыргызстанга алуучулардын дарегине келген контейнердеги автоунаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган.

Бишкектеги Манас көчөсүнүн бир тарабы жабылды

Бишкектеги Манас көчөсүнүн бир тарабы жабылды

20-августта жол оңдоо иштерине байланыштуу Манас көчөсүнөн аба майданы тарапка кеткен жолдун бир тарабы бир күнгө убактылуу жабылды. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жабыла турган жол тилкеси Чоң Чүй каналынан Пригородное айылына чейинки аралыкты камтыйт. Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын тургундарынжана конокторун, оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү

Манас шаарында 530 орундуу мектеп курулууда

Манас шаарында 530 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы №13 Р. Азимбаев атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Учурда объектте курулуш жана монтаждоо иштери комплекстүү