Эмгек укуктарын коргоо көрсөткүчүнүн төмөндөө себептери такталат

Эмгек укуктарын коргоо көрсөткүчүнүн төмөндөө себептери такталат

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында бир катар тапшырмаларды берди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жарандардын эмгек укуктарын коргоо жаатындагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү талкууланды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өндүрүштөгү кырсыктан же жаракаттан келтирилген зыян үчүн төлөнгөн кенемтелердин көлөмү 11,4 млн сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 58,8 млн сомго салыштырмалуу кыйла аз.

Ошондой эле жарандарга кайтарылган эмгек акы боюнча карыздын көлөмү 7,2 млн сомдон 4,4 млн сомго төмөндөгөн.

Министр бул көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн себептерин талдап, тиешелүү чараларды көрүүнү жооптуу түзүмдөргө тапшырды.

Мындан тышкары, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти күчөтүү жана министрлик тарабынан даярдалган актылардын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу милдети коюлду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media