Кара-Кужур өрөөнүндөгү социалдык жана өндүрүштүк жайлар көзөмөлдөндү
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров 20-августта Кара-Кужур өрөөнүнө иш сапары менен барды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лахол айылындагы К. Рысмендеев атындагы орто мектептин жылуулук тутумун, айылдагы спорттук комплекстин абалын көзөмөлдөдү.
Мындан тышкары, Жер-Көчкү айылындагы этти кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү, Кара-Жылга тилкесиндеги фельдшердик-акушердик пункттун курулушу текшерилди.
Облус башчысы Нурбек Сатаров калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана өндүрүштүк ишканаларды колдоо боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.