Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген
Куршаб айыл аймагында саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат Жылдыз Эгенбердиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Ж.Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты менен жолугушту.
Дарыгерлердин айтымында, 1950-жылы курулган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты учурда авариялык абалга келген. Анын ордуна заманбап оорукана куруу зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, медициналык жабдуулардын жана тез жардам унааларынын жетишсиздиги, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, ардагер дарыгерлерге медициналык жеңилдиктерди берүү маселелери көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, аймактагы медициналык мекеме 62 миңден ашуун калкты тейлейт. Айрым имараттар оңдолуп пайдаланууга берилгенине карабастан, медициналык жабдуулардын жетишсиздиги жарандарга кызмат көрсөтүүгө кыйынчылык жаратып келет.
Жылдыз Эгенбердиева көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, алардын чечилиши боюнча иш алып барарын билдирди.




