Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды
Ноокен районунда зыяндуу заттарды белгиленген ченемден ашык чыгарган эки автоунаа аныкталып, алардын ээлерине 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте ыкчам иш-чара өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө 11 автоунаа токтотулуп, түтүн өлчөөчү аппараттын жардамы менен атмосферага бөлүп чыгарган зыяндуу заттардын өлчөмү аныкталды.
Жыйынтыгында белгиленген ченемден жогору көрсөткүч аныкталган эки автоунаанын ээсине укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, админстративдик чара көрүлдү.


