Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн.
Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503 миң 37 сом 11 тыйын өлчөмүндө кенемте берилген.