Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда
Ысык-Көл облусунун Тамга айылында логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен учурда аракеттер көрүлүп жатат.
Демилгени ишке ашыруу үчүн Барскоондогу Тамга айылынан 1 гектар муниципалдык жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун жалпы наркы 1 млн долларды түзөт.
Белгиленгендей, долбоорду каржылоо максатында Ислам өнүктүрүү банкына кайрылуу жасалган.
Тиешелүү органдарга долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу тапшырылды.