Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү жана көлдүн экологиялык абалын коргоо максатында өткөн үч күндүк рейдде 3700 метр синтетикалык тор жана 130 килограмм таштанды чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин негизги максаты – суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо.
Министрлик текшерүү иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.


