Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 989,5 миң адамга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматтары көрсөтүлдү. Бул өлкө калкынын болжол менен 14%ын түзөт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ишмердүүлүк боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, 410,6 миң адамга жөлөкпул жана кенемте түрүндө социалдык төлөмдөр берилген.

Ошондой эле 112,2 миң жаранга иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек жана эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү кызматтар көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды камтыган 361,7 миңге жакын адамга жардам беришкен.

Аларга протездик-ортопедиялык буюмдар, керектүү жабдуулар менен камсыздоо, санатордук-курорттук жолдомолорду берүү, үй шартында кам көрүү жана башка жардамдар кирет.

Миграция чөйрөсүндө 105 миңге жакын адам тиешелүү кызматтар менен камсыз болгон.

Камчыбек Досматовдун айтымында, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда билим берүүгө каралган каражат 5 жылда 35 млрд сомго көбөйдү

Кыргызстанда билим берүүгө каралган каражат 5 жылда 35 млрд сомго көбөйдү

Кыргызстанда билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 40 млрд сомдон 2025-жылы 75 млрд сомго чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө" улуттук педагогикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары билим берүү тармагын каржылоо менен катар инфраструктураны жакшыртуу

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо айлыгы кошумча төлөмдөр жана үстөк акыларды эске алуу менен 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин алардын орточо маянасы 12 миң сомдун тегерегинде болгон. Эмгек акыны жогорулатуу президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокен районунда зыяндуу заттарды белгиленген ченемден ашык чыгарган эки автоунаа аныкталып, алардын ээлерине 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте ыкчам иш-

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кышка даярдык боюнча штабдын жыйынында тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери талкууланды. "Ош шаарынын жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасында үч буу казаны жылуулук берүүгө даярдалып, 3 115,3 тонна