Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен жолдор оңдолуп, аймак жашылдандырылып, сугаруу системасы орнотулат.

Ал эми №112 мектепте капиталдык оңдоонун алкагында имарат толугу менен жаңыланып, инженердик тармактар, терезелер, эшиктер жана ички жасалгалар алмаштырылууда. Мектептин аймагында спорттук жана балдар аянтчалары, чуркоо жолдору, тышкы жарыктандыруу жана эс алуу жайлары да курулат.

Учурда №112 мектепте демонтаждоо жана электр-монтаждоо иштери толугу менен аяктап, шыбактоо, фасадды оңдоо жана башка курулуш иштери жүрүп жатат.

Объектилерди кыдыруунун жыйынтыгында шаар мэри Капиталдык курулуш башкармалыгына эки мектептеги иштерди өзгөчө көзөмөлгө алып, курулуштун сапатын жана аткаруу темпин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринин аймактарын жашылдандырууга, жашыл өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүүгө жана аларды үзгүлтүксүз сугарууну камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу милдети коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media