Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет
Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда.
Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат.
Белгиленгендей, уруктарды өз убагында жана сапаттуу жыйноо токой чарбасын көчөттөр менен камсыз кылууга жана жаңы токой аянттарын көбөйтүүгө шарт түзөт.

