Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда
Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган.
Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
