Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча адис, "Содружество" диаспоралар коомунун төрагасы Х. Хашимов жана 13 диаспоранын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда коомдук ынтымакты жана биримдикти сактоо, улуттар жана диндер аралык чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен диаспоралардын кызматташтыгын күчөтүү маселелери талкууланды.

Катышуучулар коомдогу туруктуулукту сактоо, түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу жана калк арасында өз ара урмат-сыйды бекемдөө боюнча пикир алышты.

Жыйындын соңунда коомдук ынтымакты сактоо багытында биргелешкен иштерди улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media