Жаштар үчүн такшалма программасы дагы 24 аймакта ишке кирет

Жаштар үчүн такшалма программасы дагы 24 аймакта ишке кирет

Бишкекте жаштарга такшалма уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле кесиптик жана жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча үч күндүк тренинг жыйынтыкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катышуучулар иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана жаштарды эмгек рыногуна даярдоо боюнча колдонмолуу билим алышты.

Министрликтин маалыматына караганда, жаштардын такшалмадан өтүүсү боюнча сыноо иретинде колдонулган программа өлкөнүн 30 шаар жана районунда ишке ашырылып, натыйжалуулугун көрсөткөн.

Такшалма жаштарга алгачкы иш тажрыйбасын топтоп, алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Ал эми иш берүүчүлөргө болочок кызматкерлердин жөндөмүн баалоого жана адистерди өздөрүнүн талаптарына ылайык даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов такшалма жаштар үчүн алгачкы иш тажрыйбасын алуу менен гана чектелбестен, жарандардын, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин кызыкчылыктарын айкалыштырган натыйжалуу механизм экенин белгиледи.

Белгиленгендей, учурда такшалма программасын өлкөнүн калган 24 аймагына кеңейтүү пландалууда. Министрлик жаңы иш берүүчүлөрдү тартууга жана кесиптик билим берүү уюмдары менен кызматташууну күчөтүүгө багытталган иштерди улантат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media