Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго жеткирүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ошондой эле Бишкектеги заводдун жана санитардык полигондун өкүлдөрү катышты.

Учурда Бишкектеги заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 1300–1500 тоннаны түзөт. 2028–2029-жылдарга карата аны суткасына 3000 тоннага чейин жогорулатуу жана калдыктардан электр жарыгын өндүрүү көздөлүүдө.

Жолугушууда алыскы райондордон таштандыларды Бишкектеги заводго жеткирүүнүн экономикалык жактан натыйжалуулугу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын төлөө мүмкүнчүлүгү талданды.

Жолугушууда министрлик калдыктарды башкаруу боюнча жаңы кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды да тааныштырды. Анын ичинде 7-августта №525 токтом менен бекитилген катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу полигондору боюнча техникалык ченемге көңүл бурулду.

Министрлик башаламан таштанды төгүлүүчү жайларды кыскартууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media