Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын 30 баласын эс алууга жөнөттү

Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын 30 баласын эс алууга жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Чолпон-Ата шаарындагы "Меридиан" ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Демилгенин негизги максаты — чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын балдарынын Кыргызстан менен байланышын бекемдөө, улуттук өзгөчөлүгүн сактоого көмөктөшүү жана аларды кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана тарыхы менен жакындан тааныштыруу.

Белгиленгендей, балдар спорттук, маданий жана таанып-билүү иш-чараларына катышышат. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз элинин мурасы менен тааныша алышат.

Мындан тышкары, теңтуштары менен баарлашуусуна шарт түзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Белгиленгендей, эт багытын

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

Жаңы буйрутмалар, заманбап жабдуулар, ассортиментти кеңейтүү же кошумча багытты ишке киргизүү — бизнесиңизди өнүктүрүү боюнча пландарыңызды DemirBankтын атайын шарттары менен азыртан ишке ашырыңыз. 2026-жылдын 31-октябрына чейин ишкерлер үчүн төмөнкү сунуштар жеткиликтүү: ·       чакан жана орто бизнес үчүн бизнес-кредиттер — жылдык 17%дан; ·       "Арууке" программасы боюнча ишкер айымдар үчүн

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүндө 2026- жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджеттин киреше планы 146,7%га аткарылып, казынага 91,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнөн кабарлашты. Сокулук айыл өкмөтү башчысы Р.Иштыбаевдин маалыматына караганда , түшкөн каражаттын негизги бөлүгү салыктык кирешелерден