Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат, Бел, Кеңеш, Исанов, Мирмахмудов жана Гүлистан айыл аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууларда негизинен мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги, курулуш иштерин тездетүү, таза суу менен камсыздоо, сугат суу жана ички жолдорду оңдоо маселелери көтөрүлдү.

Талкууга тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү бийликтин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Исанов айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Кожон Жолдошов атындагы мектеп 300 окуучуга ылайыкталып курулганына карабастан, учурда анда 830 окуучу билим алат. Ушуга байланыштуу кошумча имарат куруу зарылдыгы белгиленди.

Кеңеш айыл аймагында Дары-Суу жана Ак-Чабуу мектептеринин курулушун баштоо, ошондой эле Арбын жолунун 3 чакырым бөлүгүн оңдоо маселеси көтөрүлдү.

Жаңы-Ноокат айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, учурда токтоп турган "Нур бөбөк" бала бакчасынын курулушун улантуу боюнча кайрылуу болду. Жетекчилер сметалык наркы кайра эсептелип жатканын жана жакынкы убакта курулуш иштери улантыларын билдиришти.

Бел айыл аймагында "Райхан" бала бакчасын ачуу, ички жолдорду оңдоо, сугат жана таза суу маселелери айтылды. Ал эми Гүлистан айыл өкмөтүндө Б. Шаназаров жана Г. Гулям атындагы мектептерге байланыштуу көйгөйлөр каралды.

Мирмахмудов айыл аймагында Абдул-Кадирий атындагы орто мектептин тиешелүү документтери даярдалып, курулуш иштерин баштоого даярдык көрүлүп жатканы маалымдалды. Ошондой эле Үч-Кемпир айылындагы Пазылов атындагы мектептин документ иштерин бүткөрүү жана Арал айылына бала бакча куруу боюнча сунуштар айтылды.

Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып барып, алардын чечилишине багытталган демилгелерди көтөрөрүн билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media