Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда.

Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл өкмөттөрү, мамлекеттик администрациялар, соода борборлору жана башка коомдук жайлар бар.

Бишкек шаарында акция Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунда өтөт.

Чүй облусунда Кара-Балта, Панфиловка, Сокулук, Кант, Токмок жана Кемин шаарларында жана райондорунда уюштурулат.

Мындан тышкары, акция Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында да өткөрүлөт.

Жарандар белгиленген күндөрү өздөрүнө жакын жайгашкан жерге барып, адистерден укуктук маселелер боюнча акысыз кеңеш алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын